Дүйнө
Монголияда 60 тонна газ жүктөгөн автоунаа жарылып, адамдар каза болду

Монголиянын борбор шаары Улан-Батордо 60 тонна газ жүктөгөн автоунаа жарылып, ал апаатка айланды.
ЖМКлар бул кырсык жыйырмага чукул кишинин өмүрүн алып кеткендигин айтышууда.
Автоунаа жарылган учур видеого тушүп калган. Жүк ташыган техниканын өзү 30-40 метрдей аралыкка барып түшкөн. Анын жанындагы автоунаалар менен имараттын күйүп кеткени айтылды.



