Пайдалуу кеңеш. Ит мурундун ден-соолукка пайдасы

Ит мурундун курамы уникалдуу. Ал бардык мөмө-жемиштер арасында С витамининин өлчөмү боюнча алдыңкы сапта турат.
100 грамм кургатылган ит мурунда 426 миллиграмм С витамини бар. Бул көрсөткүч апельсин, лимон өңдүү цитрус жемиштерине салыштырмалуу бир нече эсеге көп. С витамини иммундук системанын жакшы иштеши үчүн өтө зарыл, ал вирус, бактериялар менен күрөшүүгө жардам берет. Ошондой эле коллагендин синтезделишине шарт түзүп, тери жакшырат.
Анда каротиноиддер жана флавоноиддер бар. Ал сырткы таасирлерден терини сактагандыктан эрте картайып кетүүнү алдын алат. Аталган заттар сезгенүүлөргө да каршы иштегендиктен муундарга күч берет.
Ит мурун пектинге бай болгондуктан организмдеги холестерин да жөнгө салынат. Ал эми андагы А витамини көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берет. Бир чөйчөк сууга 1-2 чай кашык кургатылган мөмө салынышы керек. 70-80 градус жылуулуктагы сууга ит мурунду салып, анын оозун жаап, 5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин дем жедирүү зарыл. Мындай ыкмада андагы витаминдер аз жоголот.



