
Боордун циррозу менен жабыркап ооруканага түшкөн актер Азиз Мурадиллаев жардам колун сунган президентке жана кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Актердун видео кайрылуусун коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Мен үчүн кабатыр болуп, жардамын аябагандардын баарына ырахматымды айтам. Жакшылыкта жолугабыз деп ишенем. Баары жакшы болот», — деди Мурадиллаев.
Ассоль Молдокматованын айтуусуна караганда, актёрго тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү болгон Орозгүл аттуу эжеси донор болууга даяр.



