Спорт

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

2024-жылдын 3-августтан 7-августка чейин Россия Федерациясынын Орел шаарында кармашып-уруш боюнча Дүйнө чемпионатында болуп 26 өлкөнүн командалары катышты.


Бул спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун 20 кызматкери катышты. Алардын ичинен 5 кызматкер судья катары катышкан.
Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча чемпионатта 5 кызматкер 3-орунду; 6 кызматкер 2-орунду жана 3 кызматкер 1-орунду ээлешти. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Атайын багыттагы полктун командасы жалпы командалык 2-орунду ээледи.


Белгилей кетсек, биздин кызматкер Мээримай Нурадилова аялдар арасында дүйнө чемпиону болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button