Дүйнө

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү видеокайрылуу жасаган мекендештери менен жолукту

Бүгүн, 16-августта социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Россия Федерациясында эмгектенген жаш жигиттердин тобу кыргыз кыз-келиндерине эскертүү берип кайрылган видеосу тараган.


Бул окуянын чоо-жайын аныктоо максатында Ички иштер министрлиги ыкчам түрдө өзүнүн Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө тапшырма берген. Анын негизинде видеокайрылуу жасаган жарандардын өздүгү такталып, алар Москвада жүрүшкөнү аныкталып, Өкүлчүлүккө чакырылды.
Алардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турушканын билдиришти.
Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button