Бишкекте дүйнө чемпионатына тандоо боюнча Кыргызстан-Өзбекстан беттеши өтөт
2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-сентябрда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан менен беттешет.
Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Убактысы — 20:00.
«Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган», — деп билдирет КФБ.