Аялымды апам менен эжелеримден коргой албаганыма өкүнөм

Аялым экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Башында баары эле жакшы башталган. Эки балалуу болдук. Бирок апам менен эжелерим биздин турмушка кийлигишкенге көнүп алышты.
Эки эжем турмушка чыгышкан, бирок бир айылда турабыз. Дээрлик күн сайын үйгө келишет, «короону тазалабаптыр, үйдү жыйнабаптыр, жасаган тамагы супсак» ж.б. толтура нааразы сөздөрдү айтышат. Андайда мен эркек көрүнгүм келип аялыма ороңдойм. Ал каяша айтпайт, көзү кызарып гана калат, бир жерге бекинип отуруп ыйлап келгенин сезем. Ансайын өзүмдүн аялды башкарган эркек экенимди көрсөткүм келет.
Кез-кезде абдан жадайбы, эки баламды алып апасыныкына кетип калат. Кайненем коңшу айылда жашайт. Бир жумадан кийин артынан барсам, унчукпай кошулуп келет. Анткени алардын үйүндө да келин, анын балдары бар. Бала менен бала батышмак беле, айласы жок үйгө келет. Ошондуктан «эч кайда кете албайт» деген ишеним бар менде. Апам жемелеп, эжелерим урушса, аларга кошулуп мен дагы ороңдоп, кээде кол да тийгизип жиберем.
Бир күнү аялым кетти. Бул жолу улуу баламды таштап, кичүү кызымды гана алып кетиптир. Жайбаракат жүрө бердим адаттагыдай «отпускага» чыкты, бир жумадан кийин барсам чөптөн ылдый, суудан тынч болуп калат дедим. Бирок бир жумадан кийин таппай калдым. Аялым төркүнүнө барбаптыр, кызымды алган бойдон Россияга кетип калыптыр.
Андан бери беш жыл өттү. Аялымды аябай издедим. Ата-энеси, туугандары «биз билбейбиз», — деп ийин куушуруп, кайда экенин айтуудан баш тартышты. А өзүм Москвага үч жолу барып келдим. Россияга кеткендин баары эле Москвага чогулуп алышат деп ойлоптурмун. Москвага барсам эле алдымдан чыга калчудай сезиптирмин. Өзүбүздүн айылдай эле ойлоп алгам го. Кең Москванын, андан өткөн кең Россиянын кайсы бурчунан издээримди билбей азыр отуруп калдым.
Кайрадан турмуш жаңырткым келбейт. Жанымда жүргөнгө баркын сезбептирмин, көрсө аялым менен кутум экен. Ал кеткенден кийин мага жут келди. Ишим жүрүшпөй, ырыскы-берекем азайды. Көңүлүм ачылган учур боло элек. Апам менен эжелерим эми мени: «Качанкыга чейин сенин кийимиңди жууйбуз, үйлөн да башкага», — деп жеп башташты. Аларды карап туруп, убагында ушулардан эки бала төрөп берген аялымды коргой албаганыма өкүнүп кетем. Коргоп болушпасам дагы жок дегенде өзүмчө калганда көңүлүн көтөрүп, «аларга көңүл бурба, сен мага керексиң», — деп сөзүм менен колдоп турсам эмне дейм.
Бардык нерсенин баркын түштөн кийин билет экенбиз. Аялымдын менден көңүлү абдан катуу калган экен, минтип беш жылдан бери уулуна да кайыл болуп, дайынын таптырбай жүрөт…
Ильязбек, Талас



