Дүйнө

Ливанда пейджерлердин массалык жарылуусунан улам 4 миңдей адам жабыркап 11 адам каза болду

Бул тууралуу Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

БУУ жарылууну айыптап, муну “абдан кооптондурган эскалация” деп атады.

ЖМКлар Израилдин “Моссад” чалгын кызматы Тайвандагы “Хезболла” кыймылынын буйругу менен алынган 5 миң пейжерге 3 граммдан жардыргыч зат койгонун жазышууда. Билдирүү менен код келип, бир эле учурда 3 миң пейджер жарылганы айтылат.

“Хезболла” пейджерлерди хакерликке жана тыңшоого эң аз дуушар болгон жабык байланыш системасы катары колдонот. Ливан чабуулга Израилди айыптоодо.

Axios басылмасы пейджерлердин жарылуу операциясы Биньямин Нетаньяхунун макулдугу менен жүргүзүлгөнүн жазды.

Ал арада АКШ бийлиги бул окуяга тиешеси жоктугун билдирди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button