Коом
16-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең 16-сентябрында өлкө аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5–9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы аймактар боюнча төмөнкүдөй болот:
Чүй облусу: +17…+22°
Талас облусу: +16…+21°
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары: +22…+27°
Ысык-Көл облусу: +15…+20°
Нарын облусу: +17…+22°
Бишкек шаарында күндүн табы +20…+22 градуска чейин жогорулап, маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн.



