Балдарды каржы сабаттуулугуна кантип үйрөтөбүз?

Балдарды каржы сабаттуулугуна үйрөтүү үчүн ата-эненин өзүндө бул сабаттуулук болушу керек. Өзүбүз акчага туура мамиле кылууну билбесек, балага үлгү боло албайбыз. Каржы сабаттуулугун жакшырта турган бир нече эрежени топтодук.
Биринчи эреже – акча шалаакы мамилени кечирбейт
Бул мистика сыяктуу угулушу мүмкүн, анткени көпчүлүк адамдар акча – бул болгону түстүү кагаз же темир тыйын деп түшүнүшү мүмкүн. Анан ал кантип кечириши же жазалашы керек? Бирок акча – бул коомдук мамиленин продукциясы экенин эске алсак, анда ал адамдардын ортосундагы байланышты түзөөрүн көрөбүз. Демек, каржы жаатына байланыштуу нерселердин баары кандайдыр бир деңгээлде психология менен катнашта болот. Ошондуктан, шалаакы адамдарда жеке жашоосунан баштап жумушуна чейин башаламандык орун алаары бышык. А эгер адам акчага так болсо, анда бардык жакта ошондой болот. Көптөгөн ата-энелер балдарынан оюнчугун жыйноону, кийимин тыкан кийүүнү талап кылышат, так ошондой кылып акча маселесине так болууну да талап кылуу зарыл. Адистер балдарды 3-4 жашынан тартып акча менен тааныштыруу керектигин айтышат. Алгач дүкөн оюнун ойноо керек. Андан соң үй-бүлөлүк сатып алууларды, бюджетти талкуулоого балдарды катыштыруу туура. Балдар ата-энеси акчага аяр жана туура мамиле жасай турганын билүүгө тийиш.
Экинчи эреже – акча бардык маселелердин чечүүчүсү эмес
Акчанын маанисин өтө эле бийик коюп алуу туура эмес. Жашоодо башкы нерсе – бирин бири сыйлоо, сүйүү жана достук. Аларды акчага сатып ала албайсың. Ошондуктан балага кичине кезинен тартып, дүйнө акчанын айланасында тегеренбей турганын түшүндүрүү кажет. Андан башка дагы маанилүү, кызыктуу, татыктуу нерселер бар. Бул үчүн ата-энелер биринчи өздөрүн карашсын. “Кайдан акча табуу керек?” – деген сөз үй-бүлөлүк сүйлөшүүлөрдө башкы орунга чыгып кетип жаткан жокпу? Же баланын өтүнүчүнө “Ага акча жок!” – деген сөз көп айтылбадыбы? Кокус айлык акы алган күнү үйгө береке кирип, маселелер чечилип, ал эми ага бир нече күн калганда нан менен сууда отуруп калышса, анда балада маселенин баарын акча чечет тура деген түшүнүк калыптанат. Андан тышкары баланын досторун анын үй-бүлөсүнүн каржылык абалына жараша баалоого болбойт. Анткени баланы “адамды акчасына карап баалоо керек турбайбы” деген ой башкарып калат.
Үчүнчү эреже – балдарга жеке керектөөсүнө акча берүү
Статистика боюнча балдар көбүнчө биринчи акчасын өспүрүм курагында алышат. Бирок психологдор бала 6-7 жашында эле өз алдынча сатып алууга жөндөмдүү болуп калаарын айтышат. Бул алардын келечекте акчага позитивдүү мамиле жасоосун калыптандырат. Көп ата-энелер кетирүүчү дагы бир катачылык – акчаны окуудагы жетишкендиги же үй иштерине кол кабыш кылганы үчүн беришет. Баланын билим алышы же үй иштерин жасашы – бул анын үй-бүлөнүн мүчөсү катары милдети. Милдетин акы төлөнүүчү жумушка айландырып алса, ал акча табуу менен жеке милдетин айырмалай албай калат. Андан көрө жумасына эки жолу жетиштүү акча берип коюу керек. Суммасын мүмкүнчүлүгүңүзгө, баланын керектөөсүнө карап чечиңиз. Сыйлык иретинде кээде көбөйтүп турууга болот, бирок баланын милдетине кирчү, мисалы, окуу, үй иштерин жасоодон башка жакшы иштери үчүн. Жуманын же айдын соңунда бала менен ага берген акчаларга эмне алды, эмнелерге коротту талкуулап туруу зарыл.


