Россиянын облустук Акыйкатчысы мигранттардын балдарын майып балдар категориясына кошууну сунуштоодо

Россиянын Свердлов облусунун акыйкатчысы Игорь Мороков мигранттардын балдарын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катарында кароону сунуштады.
Айтымында, мындай кылуу мектептердеги окуучулардын санын азайтууга жана мугалимдерге кошумча айлык төлөөгө жардам берет.
«Азыр бизде өзгөчө билим берүү талабындагы балдардын категориясы бар. Алар — майып балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Менимче, ушул категорияга мигранттардын балдарын да кошуу керек», — деди Мороков.
Ал белгилегендей, Екатеринбургда мигранттардын балдары абдан көп, мисалы шаардагы №149 мектептеги окуучулардын 90 пайызы мигранттардын балдары. Акыйкатчынын айтымында, алар Россиянын гимнин ырдашат, бирок орус тилинде жакшы сүйлөй алышпайт.
«Биз сунушталгандай, бир класста андай балдар үчтөн көп болбоосу керек деген эрежени эч убакта аткара албайбыз», — деди ал.



