Коом
Бишкекте түнкү клубду тоногон адам кармалды

Бишкектеги түнкү клубдардын бирин тоноп кеткен адам кармалганын Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-октябрда Ж.Н. аттуу жарандан аталган РИИБге арыз түшкөн. Анда Ахунбаев көчөсүндөгү түнкү клубга ууру киргени айтылган.
Арыз ээсинин айтымында, ууру 50 миң сом турган iPhone 13 Pro телефонун алып кеткен.
Факты боюнча Октябрь РИИБи кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иштеринде 2002-жылы төрөлгөн А.Н. аттуу шектүү кармалган. Учурда тергөөчүлөр анын башка кылмыштарга катышы бары-жогун иликтеп жатышат.



