Коом

Камчыбек Ташиев бүгүн Нарын облусуна барды

Атайын кызматтын төрагасы бир нече иш-чарага катышты:

Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине спорт комплексинин курулушуна капсула салды. Имарат 2 кабаттан турат, биринчи кабатында күрөш залы, кийинүүчү, медициналык бөлмөлөр болсо, экинчи кабаты машыгуучу зал болот. Спорт комплекси 2025-жылдын сентябрында ишке кирери айтылды.

Аймактагы УКМК кызматкерлеринин балдарына арналган бала бакчаны ачууга катышты. Ал 120 балага ылайыкталган.

Ошондой эле 25-октябрда үч эм төрөгөн энеден кабар алды. Ташиев үч кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө президенттин атынан 500 миң сом, Нарын шаарында салынып жаткан мамлекеттик ипотекалык үйдөн  үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, башка дагы белек-бечкек тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button