Депутат: 1000 сом айыппул үчүн 50 миң сомдук билеттер күйүп кетип жатат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактияр Калпаев аз өлчөмдөгү айыппулу бар жарандар дагы өлкөдөн чыга албай жатканын айтты.
Ал белгилегендей, айыппул төлөөдө карызы бар жарандар бул тууралуу чет өлкөгө учаар алдында гана кабардар болушат.
«50 миң сомго билет сатып алып, анан миң сомдук айыппулдун айынан уча албай, билети күйүп кеткен жарандар дагы болот», — деди ал.
Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Тажибаев чек арачылар өлкөдөн чыгып жаткан жарандардын айыппулунун өлчөмүнө карабай, бирдей шартта көзөмөлдөрүн айтты. Ал эгерде айыппулдарды миң сомдон аз же миң сомдон көп деп бөлүп, аздарга өлкөдөн чыгууга уруксат бериле турган болсо, чек арада башаламандык жаралып, коррупция башталат.
Калпаев андай болсо жарандарга айыппулун ошол жерден төлөөгө шарт түзүү керек дейт. «Абамайданда жаран миң сом айыппулу бардыгын билди дейли. Аны төлөш үчүн артка кайтып келсе, учак күтүп турбайт, ошону менен билети күйүп кетет. Ошондуктан айыппулдарды ошол жерден күн-түнгө карабай төлөй турган шарт түзүп берүүңүздөрдү суранам», — деди ал.



