Коом

Нуржан Шайлдабекова ММК өкүлдөрүнө парламенттик шайлоонун шарттары тууралуу маалымат берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 8-сентябрда массалык маалымат каражаттарына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоосу тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Шайлдабекованын айтымында бул шайлоо Конституциялык мыйзамга бекитилген жаңы тартип менен аралаш системанын алкагында өтөт. Жогорку Кеңешке аралаш тутум боюнча 90 депутат шайланат. 36 депутат бир мандаттуу округунан болсо, 54 депутат партиялык тизме  боюнча. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар, бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча  партиялар жана жарандар өзүн-өзү көрсөтө алышат. Талапкерлердин 70 пайыздан көп эмеси мырзалар болсо, 30 пайыздан ашыгы айымдар болушу зарыл.

Депутаттыкка талапкерлердин жана партиялардын тизмесмин 13-октябрга чейин көрсөтүшү керек. Каттоо үчүн баардык документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт. 28-ноябрда Кыргыз республикасынын Жогорку кеңешине шайлоо күнү  болот. Шайлоонун натыйжасы 18-декабрга чейин аныкталат, — дейт Н.Шайлдабекова.

“Мурда партиялардагы талапкерлердин саны 200 адамга чейин болчу. Алардын арасында шайлоо учурунда убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон кызматкерлер дагы бар болчу. Бул административдик ресурс колдонууга алып келген. Ошондуктан биз тизмеде депутат болууну каалагандар гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени, 200 талапкердин арасынан чындап депутат болууну каалагандар 30-40 эле адам, калгандарына кызматтар берилип келген”, – деди ал.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо 600 миллион сомдон ашыгыраак каражат коротулат. Шайлдабекованын айтымында бул сумма алдын-ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгында келип чыккан.

“Биз шайлоонун болжолдуу сметалык суммасын түзүп жатабыз. Анда 602 миллион сом акча каражаты кетери эсептелинди. Бул цифра өзгөрүшү мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөлүк демөөрчүлөр жардам бериши күтүлүүдө”, – деди төрайым.

Шайлоого аттанган саясий же муниципалдык кызматты ээлеген адам кызматын тапшыруусу керек.

“Алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтарагы саясий кызматтарды ээлеген аткаминерлер кызматынан кетиши керек. Мурда саясий кызматтарда жетекчилик орундарды ээлеген жарандар ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышчу. Ал эми административдик кызматты ээлеген жарандар өзүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышат”, – деди Шайлдабекова.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан баштап 27-ноябрга чейин болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button