Спорт
Эльмурза Сатыбалдиев Волейбол федерациясынын президенти болуп шайланды

Эльмурза Сатыбалдиев Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды.
Мындай чечим кечээ өткөн федерациянын отчеттук-шайлоо конференциясында кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бул кызматка жалгыз талапкер болуп, конференциянын катышуучулары аны бир добуштан колдошту.
Белгилей кетсек, Эльмурза Сатыбалдиев Волейбол федерациясын катары менен төртүнчү мөөнөткө жетектемей болду. Ал бул кызматка алгач 2009-жылы шайланган.



