TikTokко чыккан видеодон улам Мексикадан АКШга өткөн туннель табылды

Мексика бийлиги Америка менен Мексиканы байланыштырган жашыруун туннель жөнүндө маалымат табышты. Алар туннелдин жайгашкан жери тууралуу маалыматты TikTok’тогу талкуулардан билишкен.
CBS телеканалы Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарындагы гарнизондун командири генерал Хосе Лемуска шилтеме берип, АКШ-мексика чек арасынан табылган жашыруун туннель жок кылынат деп билдирди.
10-январда табылган туннель Сьюдад-Хуарести АКШнын Техас штатындагы Эль-Пасо шаары менен байланыштырат. Мексика расмийлеринин айтымында, анын узундугу болжол менен 300 метрди түзөт жана жарык менен желдетүү бар.
Генералдын айтымында, өтмөктүн бийиктиги болжол менен 2 метр, туурасы 1,2 метр. Хосе Лемус Мексиканын Башкы прокуратурасы учурунда туннелдин курулушун байкамаксан болуп койгон жергиликтүү бийликтегилерди иликтеп жатканын белгиледи.



