Дүйнө

Ташкентте картошканын баасы 80 сомго чыкты

Коңшу Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги картошканын баасынын кескин өсүшүн «түшүмдүн тартыштыгы» деп түшүндүрдү. Мониторингине ылайык, Ташкенттеги Food City базарында картошканын орточо баасы килограммы 57 сом же 8500 өзбек суму. Бул тууралуу kun.uz басылмасы жазды.

Өзбекстандын жылдык керектөөсү 44 миллион тонна болсо, 2024-жылы кайра себилген аянттардан 1 миллион тонна гана картошка жыйналган. Бул керектүү көлөмдүн 1,7% гана камтыйт. Анткени азыкты өндүрүүдөгү — үрөн, жер семирткичтер, электр энергиясы чыгымдардын жогору болуп жатат.

Өзбекстан өкмөтү калкты жеткиликтүү картошка менен камсыз кылуу үчүн бир катар чараларды көргөн. Мисалы базарга 9,9 миң тонна азык чыгарган. Мындан тышкары Ооганстандан, Кыргызстандан, Пакистандан жана Ирандан 94,2 миң тонна картошка импорттолгон.

«Картошка баалары февраль-март айларында турукташып, апрель жана май айларында жаңы түшүмдүн келиши менен төмөндөй баштайт. Бул үчүн 2025-жылы 122 миң гектар жерге картошка себүү пландалууда», — деп жазат басылма Айыл чарба министрлигине шилтеме берип.

Кошумчалай кетсек, коңшу Казакстанда картошка сатып алууга чектөө киргизилип, бир киши 5 кг гана ала алат. Ал эми Бишкекте картошканын учурдагы баасы 70 сом.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button