Саясат
Садыр Жапаров КМШ лидерлерин «Бишкек+25» тоо саммитине чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Түркмөнстанда тар жана кеңейтилген курамдарда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйында мамлекет башчысы туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин да белгилеп, КМШ мамлекеттеринин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.



