Дүйнө
Японияда токойдон чоң өрт чыкты

Япониянын Когуро облусундагы токойдон өрт чыгып, 157 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, токой аймагындагы өрт тууралуу маалымат жакынкы Офунато шаарынын өрт өчүрүү кызматтарына 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын келип түшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учактарды ишке киргизилип, аракеттерге карабастан, өрт жайылып, 225 гектарга жакын жерди каптаган.
Өрт өчүрүүчүлөр жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү өрттү өчүрүүнү улантууда.
Ал эми жабыркагандар жана имараттарга келтирилген зыяндын өлчөмү боюнча азырынча маалымат жок.



