Окуялар

Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыкты

Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыгып, 12 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда саат 02:19да П.Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган.

Мындан тышкары, райондук элекр тармактарынан 1 бригада, Ички иштер министрлигинен 4 экипаж жана «Бишкек» тазалык муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.

Өрт 06:04тө чектөөгө алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалыматтар берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button