Коом

Нарындагы бороондо ашууда эки күн тамак-ашсыз калган айдоочулар куткарылды

Нарында бороондон улам ашууда калган айдоочулар куткарылды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, 9-мартта Миң-Булак айыл аймагындагы Кара-Кужур — Солтон-Сары жолунда бороон болуп, кар жаап, күрткү түшкөн. Мындан улам жүк ташыган 7 машина жолдо туруп калган.

Жол бүгүн таңда тазаланып, жүк ташыган машиналар чыгарылган.

Айдоочулардын бири эки сутка бою суу, нан жок калып ачка болушканын, айла кетип ӨКМге чалышканын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button