Коом
12 жылдык окууда айдоочулукка окуткан предмет каралганы айтылды

12 жылдык билим берүүдө 10-11-класстарга айдоочулукка окуткан предмет каралганын министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Депутат Бекмурза Эргешов мурда мектептерде жол эрежелери окутулуп, унаа айдоо үйрөтүлүп келгенин айтып, муну кайрадан жандантуу зарылдыгын кошумчалады.
«10-11-класстарга жол эрежелерин окутабызбы? Азыр балдардын баары унаа айдаганды каалайт. Предметти киргизебизби?» — деди депутат министрге.
Догдуркүл Кендирбаева сунушту кабыл аларын, ал 12 жылдык билим берүү системасында каралганын айтты.