Окуялар
Бишкекте бир күндө 3 бөбөк бийиктен кулап, каза болду

Бишкекте бир күндө 3 бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-мартта Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан болжол менен 4-5 жаштагы 2 бала кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Милициядан экөө тең кырсык болгон жерде каза болгонун билдирди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Ага чейин, 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз жумган.


