Каркаде чайынын ден соолукка болгон пайдалуу касиеттери

Каркаде чайы – бул кургатылган гибискус гүлдөрүнөн даярдалган суусундук. Анын тарыхы байыркы Египет жана Судан мамлекеттерине байланыштуу. Байыркы Египет фараондору аны “Кызыл суусундук” деп аташып, ден соолукту чыңдоо жана күч-кубат алуу үчүн колдонушкан.

Кийинчерээк каркаде араб өлкөлөрүндө, Индияда жана Африкада кеңири тараган. Азыр болсо бул чай дүйнө жүзүндө сүйүктүү суусундуктардын бири болуп саналат, айрыкча Египет, Судан, Иран, Тайланд жана Мексикада көп керектелет.
Каркаде чайын ысык же муздак кылып ичсе болот, ал эми кээ бир элдер демделгенден кийин гүлдөрүн да жешет, анткени алар көп пайдалуу заттарды камтыйт.
1. Жүрөк-кан тамыр системасын коргоо
Каркаде чайында көп өлчөмдө антоциандар бар, алар жүрөк жана кан тамырлардын ден соолугун чыңдоого жардам берет. Ошондой эле бул заттар терини жаш кармоого көмөктөшөт.

2. Заара-жыныс системасын жакшыртат
Каркаде чайынын заара айдоочу таасири бар. Анын курамындагы пектин денедеги ашыкча туздарды чыгарып, бөйрөктү жана заара системасын тазалайт.
3. Көрүү жөндөмүн жакшыртат
Курамында кверцетин заты бар болгондуктан, каркаде көздүн көрүүсүн жакшыртууга жардам берет. Ошондуктан кээ бир элдер чай демделгенден кийин гүлдөрүн да жеп коюшат.
4. Денени токсиндерден тазалайт
Каркаде чайы организмди уулуу заттардан тазалоого жардам берет жана ич катууну, ошондой эле башка сиңирүү системасынын көйгөйлөрүн жеңилдетет.
5. Похмельеден жардам берет
Эгерде майрамдык дасторкондон кийин баш ооруса, каркаде чайы алкоголду денеден чыгарып, жакшы сезүүгө жардам берет.
6. Кан басымды жөнгө салат
Муздак каркаде чайы кан басымды төмөндөтөт, ал эми ысык чай тескерисинче, көтөрөт. Ошондуктан аны гипертония менен ооругандарга сунуштайт.

7. Иммунитетти күчөтөт
Каркаде чайынын курамында С витамини көп болгондуктан, ал иммунитетти көтөрүп, ооруларга туруштук берүүгө жардам берет.
8. Зат алмашууну жакшыртат жана арыктоого жардам берет
Каркаде метаболизмди ылдамдатат, майды күйгүзүүгө көмөктөшөт жана денеде ашыкча суунун кармалып калуусун алдын алат.
9. Стрессти азайтат
Каркаде чайы нерв системасын тынчтандырып, тревога жана стрессти азайтып, маанайды көтөрөт.
10. Антибактериалдык таасири бар
Ал табигый антибактериалдык касиетке ээ болуп, организмди ар кандай инфекциялардан коргойт.
Каркаде – даамдуу гана эмес, ден соолукка да пайдалуу чай , сиз да бул пайдалуу суусундукту рационуңда колдонуп көрүңүз!