Коом
Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 3 жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда зордуктоо фактысына шектелген үч жаран кармалды.
Облус милициясы кабарлагандай, 20-ноябрда милицияга Токтогул шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2011-жылы туулган кызын июнь айынан 20-ноябрга чейин үч жигит күч колдонуу менен зордуктап жүргөндүгүн билдирди.

Кылмыш Жазаны кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, 27 жаштагы Э.К., 19 жаштагы С.К. жана 15 жаштагы Б.Ж. аттуу жарандар шектелип кармалды.
Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.



