Коом
Жолдошбек Абдылдаев муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Жолдошбек Абдылдаев Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Жңы дайындалган орун басар бүгүн жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин муфтияттын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.



