Коом
Улуттук банк “Тушоо кесүү” аттуу күмүш коллекциялык тыйын чыгарды

Улуттук банк “Тушоо кесүү” аттуу күмүш коллекциялык тыйынды чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, тыйын “Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары” сериясынын алкагында чыгарылды.
Тыйынды Улуттук банктык мекемелеринин кассаларында 6 миң 940 сомдон сатып алууга болот.





