Спорт

Ражабали Шайдуллаев Японияда чемпиондук курун алды

28-сентябрда Японияда кыргызстандык мушкер Ражабали Шайдуллаев дагы бир ирет өзүнүн күчүн далилдеп, чемпиондук наамына ээ болду.  

Ал RIZIN промоутердик уюмунун алкагында өткөн беттеште орусиялык атаандашы Виктор Колесникти биринчи раундда эле жеңип алды. Беттеш 1 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде нокаут менен аяктады.  

Эске салсак, Шайдуллаев ушул жылдын май айында аталган уюмдун чемпиондук курун утуп алган. Анда ал бразилиялык мушкер Клебер Койкени мыкты техникасы менен жеңип, күйөрмандарын суктанткан болчу.  

Тектеш кабарлар

Back to top button