Кан тамырларга эң пайдалуу азыктар кайсылар?

Кан тамырлар бекем жана ийкемдүү болушу үчүн зыяндуу адаттардан баш тартуу, үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк жана тең салмактуу тамактануу маанилүү. Бул тууралуу «СМ-Клиника» медициналык борборунун кардиологу Полина Савина билдирди.
Дарыгер кан тамырлардын дубалдарынын ийкемдүүлүгүн сактоо үчүн витамин С жана рутинге бай азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу зарыл экенин белгиледи. Алардын катарына цитрус жемиштери, итмурун, кара карагат, чычырканак, киви, болгар калемпири, гречка жана жашылчалар (петрушка, шпинат, укроп же кинза) кирет.
Ошондой эле Савина менюга витамин Е камтыган азыктарды кошууну сунуштады. Бул витамин күчтүү антиоксидант болуп, «жаман» холестериндин (ЛПНП) кычкылданышына жана анын кан тамырлардын дубалдарына топтолушуна жол бербейт. Дарыгердин айтымында, эң ылайыктуу варианттар — зайтун, зыгыр жана күн карама майы (айрыкча муздак тамактарда колдонуу), жаңгактар, үрөндөр жана авокадо.
Мындан тышкары, омега-3 май кислоталарынын булактары да өтө маанилүү. «Көп каныкпаган май кислоталары жаман холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө, кан тамырлардын ийкемдүүлүгүн жогорулатууга жана кан айланууну жакшыртууга жардам берет. Алар скумбрияда, палтус балыгында, сельдь, лосось, грек жаңгактарында, чиа жана зыгыр үрөндөрүндө көп кездешет», — деди кардиолог.
Савинанын дагы бир сунушу — рационго флавоноиддерге бай жашыл чайды, кара шоколадды, мөмө-жемиштерди жана помидорду кошуу.


