Пайдалуу кеңештер

Бат уктап кетүү үчүн ыкмалар айтылды

Көпчүлүгүбүз оор жумуш күнүнөн соң төшөккө жатып эле уктап калууну самайбыз. Бирок, айрым учурда таптакыр эле уйку жоголуп кетет. Мындай жагдайда кандай ыкмаларды колдонсоңуз болорун адистер айтып беришти.


Көздү белгилүү бир алгоритм боюнча кыймылдатуу тез уктап кетүүгө жардам бериши мүмкүн. Бул тууралуу адистер — балдар неврология бөлүмүнүн медайымы Киара Девитт жана психиатр Ишдип Наранг билдиришти.

Жөнөкөй уктоо техникасын алгач хирург Кейтлин Тондо-Стил социалдык тармактардагы баракчасында бөлүшкөн. Анын айтымында, уктап кетүү үчүн көздү жумуп, көз алмаларын жай ыргакта оңго-солго, андан соң өйдө-ылдый кыймылдатуу, кийин саат жебеси боюнча жана ага каршы айланта айлантуу керек.

Киара Девитт бул ыкманын натыйжалуулугу илимий жактан толук далилденбегенин белгилеген. Ошол эле учурда, анын айтымында, ыкма иштеп кетиши мүмкүн, анткени мындай кыймылдар көздүн тез уйку фазасындагы активдүүлүгүн туурайт. Бул болсо организмге эс алуу зарыл деген белги берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button