Социалдык тармактарда кыргыз тилин шылдыңдаган жигиттер кечирим сурашты

Бишкек шаарында социалдык тармактарда кыргыз тилин шылдыңдаган жигиттерге карата милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда кыргыз тилин шылдыңдаган видео тараган, ал коомчулукта кеңири резонанс жараткан.
«Бул факт АИС ЖУИге катталып, сотко чейинки текшерүү иштери башталды.
Бишкек ШИИБдин СПЭНМ кызматкерлери УКМК менен биргеликте ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, видеодо чагылдырылган жарандардын өздүгүн аныкташты.
Алар Т.К., С.С. жана М.М. болуп, баары 1991-жылы туулган.
Жигиттер Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, коомчулуктан кечирим сурашты.
Алардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чечим кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.
Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды мыйзамдарды сактоого, мамлекеттик тилди урматтоого, коомдук адеп-ахлак жана нравалык нормаларды карманууга чакырат.



