КоомСаясат

Депутат Надира Нарматова акча алмаштыруу жайларын жоюп салууну сунуштап жатат

Ал “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду демилгеледи. 

Анын айтымында, демилгенин себептери төмөнкүдөй: 

💵акча алмаштыруу жайлары ар дайым мыйзамдарды бузуп келишет, көмүскө акчанын көлөмү отчетто көрсөтүлгөндөн он эсе ашат

💵аз салык төлөшөт (2019-жылы 37 млн сом патент түрүндө төлөнгөн) 

💵 пандемия учурунда долларга негизсиз алмашуу курстарын жайгаштырып, жасалма ызы-чууну жана чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жогорулашын шарттады

Буга байланыштуу депутат акча алмаштыруу жайларын Улуттук банктын лицензия берген жана көзөмөлгө алган субъектилеринин катарынан чыгарып салууну сунуштоодо. 

Эске салсак, Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын албай туруп акча алмаштыруу жайларын иштетүүгө болбойт. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button