Диетолог ак нан менен айкалышкан пайдалуу азыктарды атады

Ак нан ден соолукка зыяндуу эмес экенин дарыгер-диетолог Татьяна Солнцева билдирди.
Анын айтымында, ак нан В тобундагы витаминдерге, минералдык заттарга, белокко жана углеводдорго бай. Бирок өсүмдүк тектүү белокто лизин аминокислотасынын көлөмү аз болот. Лизин — теринин, муундардын, сөөктөрдүн жана кан тамырлардын саламаттыгы үчүн зарыл болгон коллаген менен эластиндин синтези үчүн өтө маанилүү аминокислота. Ошондуктан дарыгер ак нанды белок булактары менен айкалыштырып жешти сунуштады.
«Мисалы, жашылчалар жана тоок филесинин бир кесими кошулган сэндвич эртең мененки тамакка же жеңил закускага абдан ылайыктуу. Бул жерде белоктун бир нече түрү, ошондой эле жашылчалар менен салат жалбырактарындагы клетчатка айкалышат», — деп түшүндүрдү ал.
Ошол эле учурда ашыкча салмагы бар, метаболизм синдрому же кант диабети менен ооруган адамдарга дарыгер ак нанды жана камыр азыктарын рационго кошпоону сунуштады. Алардын ордуна толук дан унунан же кара буудай унунан жасалган нанды тандаган оң.


