Илон Маск тарыхта биринчи жолу байлыгы 800 миллиард доллардан ашкан адам болду

Америкалык ишкер Илон Маск тарыхта биринчи жолу байлыгы 800 миллиард доллардан ашкан адам болду. Капиталдын өсүшү SpaceX компаниясы xAI стартапын сатып алган ири келишимден кийин катталды. Бул тууралуу Forbes басылмасы билдирди.
Келишимден кийин бириккен SpaceX–xAI компаниясы болжол менен 1,25 триллион долларга бааланды. Grok чат-боту менен таанымал болгон xAI Масктын экосистемасына кошулуп, анын жеке байлыгын олуттуу түрдө көбөйттү.
Forbesтин баалоосуна ылайык, бул келишим ишкердин капиталын дароо 84 миллиард долларга көбөйтүп, 852,5 миллиард долларга жеткирди.
Натыйжада Маск дүйнөдөгү экинчи эң бай адам — Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейджди кыйла артта калтырды. Forbes Пейдждин байлыгын 281 миллиард доллар деп баалап, экөөнүн ортосундагы айырма 578 миллиард долларды түзөрүн белгилейт.



