Саясат

Өлкөдө президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушталды

Коомдук жана саясий ишмерлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылышты.

Аталган документке кол койгон 75 кишинин арасында коомдук ишмерлер, экс-премьер-министрлер, депутаттар, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү бар. Тизмедегилердин айрымдары кайрылууга кол койгонун тастыктаса, кээси кайрылуу болгонун, бирок кол кое электигин билдиришти.

Демилгечилер президенттик мөөнөткө байланышкан укуктук талаштарга токтолуп, коомдогу бөлүнүүлөрдү алдын алуу жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу максатында мүмкүн болушунча эртерээк жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

Кайрылуу боюнча президенттик администрация үн ката элек.

Кайрылууга кол койгон белгилүү инсандар:

Миталип Мамытов — Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик;
Кубат Осмонбетов — Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, академик;
Аскарбек Жумагулов — Чүй облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти;
Тойгонбек Калматов — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;
Турсунбек Чынгышев — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;
Накен Касиев — Кыргыз Республикасынын экс-мамлекеттик катчысы, академик;
Досбол Нур уулу — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-мамлекеттик катчысы;
Кемел Ашыралиев — Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-губернатор;
Аскербек Эрматов — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;
Эсен Исмаилов — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти;
Каныбек Осмоналиев — Олимпиада чемпиону;
Акбар Рыскулов — Кыргыз Республикасынын эл акыны;
Зафар Хакимов — Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-министр;
Нурмамбет Токтоматов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, илим доктору;
Токон Мамытов — генерал-лейтенант, илим доктору;
Асан Турсункулов — Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
Жанторо Сатыбалдиев — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри.

Тектеш кабарлар

Back to top button