Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын Уюштуруу съездине катышуучуларын каттоо башталганы жөнүндө маалымдайт

Уюштуруу съезди 2026-жылдын 14-мартында өтөт.
Уюштуруу съезди катышуу, ошондой эле Медиаторлор палатасынын Кеңешинин, Этика боюнча комиссиянын жана Текшерүү комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын Уюштуруу съездин уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө Жободо белгиленген тартипте 2026-жылдын 22-февралында саат 18:00гө чейин милдеттүү түрдө каттоодон өтүү зарыл. Каттоо үчүн документтер төмөнкү расмий электрондук почта дарегине жөнөтүлөт: [email protected] Уюштуруу съездин өткөрүү жери жана убактысы, ошондой эле күн тартиби Съезд өткөрүлө турган күнгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жана «Кыргыз Туусу» гезитинде жарыяланат.
Мындан тышкары, Уюштуруу съезди катталган катышуучулары Уюштуруу документтеринин долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын 2026-жылдын 1-мартына чейин каттын темасына «Сунуштар» деген сөздү көрсөтүү менен жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүүгө укуктуу.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү байланыштарга кайрылсаңыздар болот:
Каримбекова Анара Камытовна — +996 770 511 811
Баратова Айнура Эрнисовна — +996 778 220 004
Халелова Ботагоз Ерлановна — +996 555 960 008
Шилтеме: https://drive.google.com/drive/folders/1dqrDLGDmPtScAoqgNIfLK6vI_qnnNntd?usp=drive_link



