Коом

Эдил Байсалов БУУнун Башкы катчысы кызматын аял киши ээлеши керектигин сунуштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы кызматын аял киши ээлеши керектигин сунуштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдиль Байсалов өлкө аялдардын укуктарын коргоого жана Пекин декларациясы менен 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартиби алкагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууга берилгендигин ырастады. Ал мамлекет аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана зордук-зомбулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи.

Кыргызстан мындай кылмыштарга карата нөлдүк чыдамдуулук принцибин карманарын жана аялдарды коргоо механизмдери тынымсыз жакшыртылып жатканын айтты.

«Дүйнө жаңжал аймактарында аялдардын азап-кайгысын көрмөксөнгө салып, алардын укуктары жөнүндө ишенимдүү сүйлөй албайт. Аялдарды коргоо эл аралык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болушу керек», — деди Эдиль Байсалов.

Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму гендердик теңчилик маселесинде үлгү болушу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, уюм түзүлгөнүнө дээрлик 80 жылга жакындап калса да, азыркыга чейин аны аял киши жетектеген эмес. Ошондуктан БУУнун Башкы катчысы болуп аял дайындала турган убакыт келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button