Пайдалуу кеңештер

Кан басымды өлчөөдө көпчүлүк кетирген үч ката

Кардиолог Тамаз Гаглошвили кан басымды өлчөөдө көпчүлүк кетирген үч ката жыйынтыктын жогору чыгып кетишине алып келерин эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Дарыгердин айтымында, биринчи ката — кан басымды паника абалында өлчөө. Мисалы, адамдын башы катуу ооруп жаткан учурда. «150 чыкты деп коркуп кетип, андан улам басым 170ке чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Эсиңизде болсун: көп учурда кантбасым оорудан же стресстен улам жогорулайт», — деп белгиледи ал.

Экинчи ката — кан басымды бутту кайчылаштырып же бирөө менен сүйлөшүп жатып өлчөө. Дарыгер мындай учурда тонометрде 10–15 бирдикке чейин ашыкча көрсөткүч чыгышы мүмкүн экенин айтты.
Акырында ал манжетти сөзсүз түрдө жылаңач колго тагуу керектигин, кийимдин үстүнөн же жеңди түрүп коюп өлчөбөө зарылдыгын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button