Балдарга ичинен ийне сыныктары табылган конфеттерди таратып жүргөн жаран кармалды

28-март күнү кечинде 102 кызматына «Ак-Ордо» конушунда белгисиз адам балдарга ичинен ийне сыныктары табылган конфеттерди таратып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган конуштун тургуну Б.Г. арыз менен кайрылып, анын 11 жаштагы кызы жана башка балдар белгисиз адамдан конфет алышканын, алардын ичинен ийне табылганын билдирген.
Бул факт боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнү аныктап, кармашты. Ал — Н.Д. аттуу жаран болуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда конфеттер жана башка далил буюмдар алынган.
Милиция жарандарды балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырып, бейтааныш адамдардан тамак-аш, таттууларды жана башка буюмдарды албоону эскертүүнү өтүнөт.
Эгер короолордо же балдар аянтчаларында белгисиз адамдар пайда болсо, дароо 102 номерине кабарлоо сунушталат.
Учурда тергөө иштери уланууда.



