Күн сайын кайталанган беш адат карылыкты тездетет

Кардиохирург Джереми Лондон күн сайын кайталанган беш адат карылыкты тездетиши мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Eating Well жазды.
Дарыгердин айтымында, эң көп зыян алып келген адаттар — вейп колдонуу жана тамеки чегүү. Ал түшүндүргөндөй, тамекинин курамындагы никотин жана чайырлар дем алуу аркылуу организмге киргенде уулуу метаболиттер пайда болуп, кычкылдануу стресси күчөйт. Бул клеткаларды жабыркатат жана алардын калыбына келишин жайлатат, натыйжада жүрөк сыяктуу маанилүү органдардын ден соолугуна терс таасир тийгизет.
Карылыкты тездеткен дагы бир адат — кыймылсыз жашоо образы. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, физикалык активдүүлүк улгайган куракта көптөгөн оорулардын пайда болуу коркунучун азайтат.
Ошондой эле өнөкөт уйкунун жетишсиздиги да карылыкты ылдамдатат. Дарыгер сапаттуу жана жетиштүү уйку жүрөктүн ден соолугу жана организмдин бардык системаларынын калыбына келиши үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, өнөкөт стресс жана туура эмес тамактануу да терс таасир берет. Эгер рациондо фастфуд, жарым фабрикаттар жана ашыкча иштетилген азыктар көп болсо, бул ашыкча салмакка алып келип, жашыруун сезгенүүнүн, инсулинге туруктуулуктун жана зат алмашуунун бузулушунун өнүгүшүнө себеп болот.



