Коом
Абдрахматов Илимдер академиясынын башчылыгынан кетип, ордуна Жээнбаев дайындалды

Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенттигинен бошотулганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анткен менен Сейсмология институтунун директорлук кызматында калган-калбаганы так айтылган эмес.
Сейсмолог Илимдер академиясынын президенттигине мындан төрт жыл мурда, тагыраагы, 2022-жылдын ноябрында, дайындалган.
Анын ордуна биология илимдеринин доктору, Биология жана кыртыш институтун жетектеп келген 65 жаштагы Бекмамат Жээнбаев дайындалды.



