Коом

Чүйдө «Йакын-Инкар» мүчөлөрүнө түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү

УКМК тарабынан Чүй облусунун аймагында диний-экстремисттик агымдардын идеологиясынын жайылышына каршы аракеттенүүнүн алкагында, ошондой эле диний кырдаалды жакшыртуу максатында тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний агымынын айрым мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун казыятынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тыюу салынган диний агымдын жактоочулары тандап алган жолунун туура эместигин моюнга алып, экстремисттик көз караштарды айыпташып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, мамлекеттик комитет тарабынан мусулмандардын дин өкүлдөрү менен биргеликте калк арасында туруктуу негизде түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Аталган иш-чаралар жарандарды интернетте диний темада тараган маалыматтарга этият мамиле кылууга, Ислам дининин негиздерине каршы келген жалган убадаларга жана окууларга алданбоого чакырууга багытталган. Ошондой эле мамлекет тарабынан дин тутуу эркиндиги бааланып, колдоого алынары, бирок радикализмдин, экстремизмдин жана зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрү КР мыйзамдарынын алкагында токтотулары белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button