Пайдалуу кеңештер

Эндокринолог ден соолукка эң пайдалуу мөмөнү атады

«СМ-Клиниканын» эндокринологу Анастасия Алтунинанын айтымында, ден соолук үчүн эң пайдалуу мөмө – көк карагат (черника).

Дарыгер белгилегендей, көк карагаттын курамында антоциандар деп аталган күчтүү табигый антиоксиданттар бар. Алар организмдеги сезгенүү процесстерин азайтып, кан тамырларды, жүрөктү жана мээни коргоого жардам берет.

Адистин айтымында, ири илимий изилдөөлөр жумасына үч же андан көп жолу көк карагат жеген адамдарда инфарктка кабылуу коркунучу 32 пайызга төмөндөөрүн көрсөткөн. Ошондой эле эс тутум жакшырып, инсулинге сезимталдык жогорулайт. Бул 2-типтеги кант диабетинин алдын алууда маанилүү.

Эндокринолог жумасына 3–4 жолу 80–100 граммдай жаңы же тоңдурулган көк карагатты жеп турууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Back to top button