Пайдалуу кеңештер

Адис жалкоолуктун психологиялык себептерин түшүндүрдү

Адамдын жалкоолугу дайыма эле физикалык чарчоодон эмес, психологиялык көйгөйлөрдөн да келип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу психиатр, медицина илимдеринин кандидаты Евгений Фомин билдирди.

Анын айтымында, жалкоолуктун негизги себептеринин бири — адамдын өзүнө болгон ишениминин жоктугу. Башкача айтканда, адам коюлган тапшырманы аткара аларына күмөн санап, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн төмөн баалайт.

Адис белгилегендей, мындай терең ички ишенимдер адамдын күчүн азайтып, аракет кылууга тоскоол болот.

Фомин жалкоолуктан арылуунун бир нече жолун атады. Биринчиси — эс алып, чөйрөнү убактылуу алмаштыруу. Экинчиси — психиатрга кайрылып, зарыл болсо дары-дармек менен дарылануу. Үчүнчүсү — психотерапевт, психолог же коуч менен иштеп, көйгөйдүн түпкү себептерин аныктоо.

Психиатрдын айтымында, эгер адам кырдаалды туура эмес баалап, «мен муну жасай албайм» же «баары жаман бүтөт» деген ойго көп берилсе, анда адистин жардамы пайдалуу болушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button