Окуялар

Ат-Башыда мыйзамсыз балык уулады делген чет элдиктер кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жайлоосунда балыкты ток менен уулады деген чет элдик жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук ИИБ кабарлады.

Маалым болгондой, кечээ Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган.

“Райондук милиция алардын ким экенин аныктап, тергөө кызматына жеткиришти. Чет элдиктер автоунаасынын капталындагы жазууларды сыйрып, мамлекеттик номерин алып коюшкан”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда унаа айып короого киргизилип, тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте териштирүү жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button