Коом

«Алтын-Ордо» конушунда мыйзамсыз курулган чарба субъекттер алынууда

Чоң Чүй каналынын чыгыш жана түштүк жээктериндеги суу коргоо зоналарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук администрациясынын демилгеси менен «Алтын-Ордо»конушунун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз чарба субъектилери демонтаждалууда.

Чарбалык субъектилердин ээлерине алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул аймакта жалпысынан 21 чарба субъект жайгашкан.

“Октябрь райондук администрациясы 2 чарба субъектти алды, калган 19 чарба субъект ээлери тарабынан алынды жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жээкти тазалоо жана бошотуу иштери уланууда”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаралар министрлер кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №79 токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button