Кыргызстандык журналист Москвада өткөн «Честный взгляд» сыйлыгын жеңип алды

Москвада чет элдик журналисттер жана блогерлер үчүн V Эл аралык «Честный взгляд» медиа сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.
Финалисттердин катарында кыргызстандык журналист Марина Гречанная да болду.
«Караван-Инфо» басылмасынын өкүлү «Экономикалык жана социалдык өнөктөштүк тууралуу мыкты материал» номинациясында жеңишке жетти.
Россотрудничество аталган сыйлыкты 2022-жылдан бери өткөрүп келет. Анын максаты — Россия менен болгон маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкты чагылдырган авторлорду колдоо. Беш жыл ичинде сыйлыктын географиясы үч эсеге кеңейди. Бул жолу 85 өлкөдөн 800дөн ашуун журналист жана блогер билдирме тапшырып, Москвадагы салтанаттуу аземге 100гө жакын номинант чакырылды.
Сыйлыктын жалпы байге фонду 7 миллион рублди түздү. Жеңүүчүлөр алты номинация боюнча аныкталып, аларды журналисттерден, алдыңкы медиа топтордун жана маалымат агенттиктеринин жетекчилеринен турган калыстар тобу тандады. Иш-чаранын алкагында жаш журналисттер үчүн медиа мектеп да иштеди.


