Саясат

Жеңиш Разаков митингге эл акча менен гана чыгаарын айтты

Бүгүн, 21-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 13-январда парламенттин алдында өткөн митинг акча менен уюштурулганын айтты.  

13-январда Бишкекте чек ара маселесин көтөрүп чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин да талап кылышкан эле. Ал эми вице-премьер-министр  митингге чыккандар тууралуу оюн мындайча түшүндүрдү:

— Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт, — деди ал.

Эскерте кетсек, 13-январда парламенттин алдына Баткендеги чегара маселеси тууралуу митинг өтүп, эл вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун да кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button