Коом

Февраль айында аба-ырайы кандай болот?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттик 2020-жылдын февраль айына карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн болжолдуу аба ырайы боюнча маалымат таратты.

Февраль  айында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турса, түндүгүндө айрым күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -16…-21° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -1…-6° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрсө, айдын аягында абанын күндүзгү температурасы 8…13° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button